Окуялар
Жанар Акаев мугалимди ыйлаткан окуучунун энесин коомчулуктан кечирим суратуу керектигин айтты

Жанар Акаев Бишкектеги №57 мектепте тарых мугалимин тилдеп, ыйлаткан аялды сот жообуна тартууну талап кылды.
“Ал мугалим жумуштан кетти. Ыйлаткан, лакылдаган, ажаан аялга болгону 1000 сом айып салып коюптур. Эмне үчүн коомчулукка алып чыкпадыңар? Мугалимге жаман мамиле кылган ушул аял деп жүзүн көрсөтүш керек эле. Бул Кыргызстандагы 120 миң мугалимге болгон шылдың мамиле. Эмне үчүн мугалимди шылдыңдап, мазактаган адамды болгону миң сом айып менен чыгарып жибердиңер? Аны жазага тартыш керек эле”, — деди депутат.



