Коом

Майыптар күнүндө Ак-Суу районунун милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдөн кабар алышты — ФОТО

3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору жашы жете элек 16 бала тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген 5 үй-бүлөгө барышып, алардан кабар алышты.

Райондук милициянын бардык өздүк курамынан атынан чогултулган азык-түлүк товарлары аталган үй-бүлөөлөргө тератылып берилип, ал эми алардын балдарларына болсо, кубаныч, позитивдүү эмоциялар жана көптөгөн жагымдуу белектер тартууланды.

«Бул күн коомчулукту ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө тартуу үчүн да, алардын өзгөчө бекемдигине, чечкиндүүлүгүнө жана эң татаал шарттарда ийгиликке жетүү жөндөмдүүлүгүнө суктануу үчүн да маанилүү», — деп белгилешти райондук милициядан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button