Саясат

Тенгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдө кызматкерлердин саны көбөйүп, конкурстук негизде кабыл алабыз

“Жумуш орундары кыскартылат деген көптөгөн имиштер болуп жатат, бирок тескерисинче, биздин компания кызматкерлердин санын көбөйтөт.  Биздин максатыбыз — «Кумтөрдү» Кыргызстандын тоо-кен казып алуу тармагы үчүн адистерди даярдоо жайга айлантуу. Биз Компанияны жана Кыргыз Республикасын профессионалдык-техникалык жана лидерлик көндүмдөргө ээ кадрлар резерви менен камсыз кылууга умтулабыз”- , деп жазды Тенгиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы баракчасына.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жаштарды колдоо программаларына көңүл бөлөт, аларга өз билимдерин, алдыңкы катардагы технологияларды жана атайын көндүмдөрдү колдонуп баалуу эл аралык тажрыйба алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин студенттерди академиялык жана ошондой эле кызматтык ийгиликтерди аркалоого даярдайт.

Мага Кыргызстандын жарандары «Кумтөр»компаниясына жумушка орношуу маселелери боюнча күн сайын жеке жана телефон аркылуу кайрылышат. «Кумтөрдөгү» ачык вакансиялардын бардыгы компаниянын корпоративдик вебсайтында жарыяланып тураарын белгилемекчимин. Биз кызматкерлерди конкурстук негизде тандап алабыз! Мындан ары «Кумтөргө» орношуунун ачык, тунук, адилеттүү жана чынчыл процесси камсыз кылынат»,- деди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button