Москвада кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү каралды

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Москва шаарында мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин имаратында өттү.

Акыйкатчы Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте кыргыз жарандарын кабыл алды. Алар мигранттарга укуктук кеңештерди берип, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн арыздарын кабыл алышты.

Жолугушууга Кыргызстандын консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Асаналиев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жаркынай Галиева да катышты.

Мекендештер Россияда жашап, иштеп жүргөндө туш болгон көйгөйлөрүн айтышты.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү миграциялык каттоого жана өлкөдө болуу мөөнөтүн узартууга байланыштуу болду.

Айрым жарандар белгиленген мөөнөттү өткөрүп жибергендиктен, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип, айып пул төлөө жана өлкөдөн чыгарылуу коркунучуна туш болушкан. Кээ бирлери Россиядан чыгып жатканда да айып пул төлөөгө мажбур болуп жатышканын билдиришти.
Мындай көйгөйлөргө студенттер да туш болушат. Алардын бири полиция тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгаруу аракети көрүлгөнүн, ошондой эле өз эсебинен билет сатып алуу талап кылынганын айтты. Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү студенттердин арыздарын кабыл алышты. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттерди миграциялык каттоого алуу жана анын мөөнөтүн узартуу билим берүү мекемелеринин милдети экенин түшүндүрүштү.
Мындан тышкары, эмгек укуктарынын бузулушу боюнча да кайрылуулар болду.
Алсак, З.М. аттуу аял заводдо иштеп жүрүп, тогуз ай мурун өндүрүштүк жаракат алган. Ал колунун манжасынан ажырап, бүгүнкү күнгө чейин дарыланып келет. Бирок иш берүүчү ага компенсация төлөөдөн баш тартып, заводдун жатаканасынан да чыгарып салган. Учурда жабырлануучу жактоочу жалдап, компенсация өндүрүү үчүн сотко кайрылган. Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү ага прокуратурага да кайрылууну сунушташты.
Дагы бир кайрылуу кылмышка шектелип кармалган жашы жете элек өспүрүмгө байланыштуу болду. Жакындарынын айтымында, сот өспүрүмдү акыл-эси жайында эмес деп тапкан. Ал дарыланууга жөнөтүлүшү керек болгонуна карабастан, ушул күнгө чейин тергөө абагында кармалып турат. Арыз ээсинин маалыматына ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм чет өлкөлүк жаран болгондуктан, аны дарылоого кабыл алуудан баш тартып келет.
Ошондой эле дагы бир жаран Москвада камакка алынган уулу менен келининин укуктарын коргоого жардам сурады. Анын айтымында, жубайлар баңгизат сатууга айыпталып кармалган учурда аларга котормочу берилген эмес.
Ошону менен катары эле пенсия маселеси да көтөрүлдү.
Мекендештер Россияда иштеп тапкан эмгек стажын эске алуу менен Кыргызстанга кайтып келгенден кийин пенсия алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да суроолорун беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар арыздар Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан кабыл алынып,андан ары кароого жана жарандардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлөт.



