Ошто ВИЧ жуктурган балдар МИКтин кезексиз тизмесине киргизилет — Касымалиев

Жогорку Кеңеште 2027-жылдын республикалык бюджетинин долбоору талкууланып жатканда депутат Илимбек Кубанычбеков 2006–2007-жылдары Ош облустук балдар ооруканасында ВИЧ жуктурган балдардын маселесин көтөрдү.
Депутаттын маалыматы боюнча, ал жылдары медиктердин айынан 360 балага ВИЧ жуккан. Алардын 33ү гана кенемте алган. Депутат ушул балдарга бир жолку 700 миң сомдон төлөп берүүнү карап чыгууну суранды. Анын айтымында, мындай сумманы айрымдары буга чейин сот аркылуу алышкан. Ошондой эле депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууда балдар төлөмдү өздөрү төлөй турганын, бирок аларды кезексиз тизмеге киргизүүнү суранды. Депутат быйыл бюджет 32,5 млрд сом профицит менен аткарылып жатканын айтты.
Касымалиев профицит ашыкча акча эмес экенин түшүндүрдү.
«Профицит болуп чыгып жатат, бирок чыгаша жагында баланстан сырткары чыгашалар бар, ошолорго кеткен», — деди ал.
Үй маселеси боюнча ал макулдугун билдирди.
«Менин атыма кат жазса, кезексиз тизмеге киргизүүгө менин укугум бар, аны киргизип беребиз», — деди ал.



