Окуялар

УКМК: ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды — ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы менен бирдикте аталган факты боюнча кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө  каражат талап кылып, аталган сумманын  бир бөлүгүн  4 миң АКШ долларын  алып жаткан жеринен КР ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 4-Башкы башкармалыктын кызматкерлери милициянын подполковниги К.М.К, ошондой эле жарандар С .У.Ж. жана Т.А.С. кармалды.

Бул адамдар алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, унааны кайтарып берүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандардын бардыгы КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button