Окуялар
Нургазы окко учкандын эртеси келинчеги көз жарды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Чек ара кызматынын прапорщиги 35 жаштагы Нургазы Боркошов курман болду.
Ал 16-сентябрда болжол менен саат 10:30да Охна айылында көз жумган. Сөөгү ошол эле күнү жерге берилген. Эртеси 17-сентябрда келинчеги көз жарып, төртүнчү баласын (кыз) жарык дүйнөгө алып келген.
Нургазы 2016-жылдан бери Чек ара кызматында болчу. Артында эки уул, эки кызы калды.



