Окуялар

Бишкекте болгон катуу шамалдан кулаган чатыр аялды басып калган

8-июнда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамалдын  кесепетинен 12 бак кулап, 20 бутак сынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кулаган бактардын бардыгын алып чыгышкан.

«Тилекке каршы, үч адам жабыркап, эки унаа бузулган. Эркиндик бульварында дарактын бутагы Тойота Камри үлгүсүндөгү унаага кулап, алдыңкы айнегин талкалап кеткен.

Киев көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин маңдайында жарнама тактасы зыянга учураган. Аны жарнак тактасынын ээси демонтаж кылды. Ошондой эле Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарнамалык тактадагы баннер айрылган.

Турусбеков көчөсүндөгү чатыр 60 жаштагы аялдын үстүнө кулап түшкөн. Аялдын баш мээси чайкалгандыктан, ооруканага жаткырылды.

Абдрахманов көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде суусундук сатылып жаткан жерде бак кулап, 38 жаштагы сатуучу аял жана 28 жаштагы кардары жабыркаган. Эки аялга тең медициналык жардам көрсөтүлдү, бирок алар ооруканага жатуудан баш тартышкан. Чүй кең көчөсүндөгү Ак Үйдүн жанына бир бак кулаган, эч ким жабыркаган жок. №49 орто мектептин чатыры кулап түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button