Коом
Экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын үстүнөн арыз келип түштү — ВИДЕО

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын үстүнөн коңшулары тарабынан арыз келип түштү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги имараттын тургундары билдиргенин жазып чыкты.
Алардын айтымында, мурдагы мамлекет башчынын жубайы Раиса Атамбаева тепкичтин жанына таштанды салынган баштыкты таштап кеткен. Бул окуяны коңшулары видеокөзөмөлдөөчү камерага да түшүп калганын айтууда.
Имараттын тургундары мындай окуялар антисанитардык абалды жаратып, тургундардын нааразы болуп жатканын белгилешүүдө.
Атамбаевдин үй-бүлөсүнөн азырынча расмий комментарий боло элек.
Булак: 24kg агенттиги



