Коом

Бишкекке Кытайдан 95 жаңы автобус келди

Бишкекке коомдук транспорттун жаңы партиясын жеткирүү жараяны ийгиликтүү аяктады. Муниципалитет буга чейин сатып алууну макулдашкан 95 автобустун баары Кытай Эл Республикасынан Бишкекке келип түштү. Учурда техниканын баары 1-ДЕПОнун аймагына жайгаштырылды.

«Yutong» заводунан чыккан жаңы автобустар ыңгайлуулуктун жана коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берет:

  • Көлөмү: Ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзөт, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн салону үч эшик менен жабдылган.
  • Сыйымдуулугу: Транспорт 70ке жакын жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган, анын ичинде 28 орундук бар.
  • Климат-контроль: Автобустар Бишкектин аба ырайынын шарттарына ылайыкташтырылган — жайында салондо кондиционерлер иштейт, ал эми кышында күчтүү жылытуу системасы каралган.

Транспорттун бул партиясын жеткирүү боюнча келишимге борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 2025-жылдын октябрь айынын аягында жетишкен. Шаар башчысы өндүрүш процесстерин жана чогултуу сапатын баалоо үчүн Кытайдагы «Yutong» заводуна жеке өзү барган.

Тектеш кабарлар

Back to top button