Саясат
Үч фракция менен бир топ Нурлан Шакиевди ЖК төрагалыгына көрсөттү

Жогорку Кеңештин төрагасы кызмат ордуна Нурлан Шакиевдин талапкерлиги сунушталды.
Аны «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөтүп, «Ишеним», «Альянс» фракциялары менен «Элдик» тобу колдогон.
Буга чейин Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турган.
Мурдагы спикер Талант Мамытов бүгүн кызматтан кетип, ага чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты. Ал катардагы депутат бойдон калат.



