Саясат

Тенгиз Бөлтүрүк менен Акылбек Жапаровдун “Кумтөрдү” эл үчүн иштетүүгө салымы чоң

Кумтөр буга чейин жабык болуп, Кыргызстандын карапайым адамдары үчун  ар кандай ваканциялар болсо да жеткиликтүү болгон эмес.

Кумтөргө иштөө үчүн дипломдуу, тажрыйбалуу адистер да  буга чейин тааныш-билиштерди ортого салып, араң кирчү. Көпчүлүгү Кумтөрдүн кызыкчылыгын коргогон бийлик башындагылардын тааныштары кирип, ал эми тажрыйбалуу дасыккан адистер сыртта эле калчу.

Акылбек Жапаров башында турган “Кумтөрдү” иликтөө комиссиясы ал жактагы бир топ былыктарды ачыкка чыгарды. Ошол эле учурда финансылык, экологиялык бузууларды алып чыкты.

Ошондон улам арты ачылган канадалыктар өз өлкөсүнө качып кетишти. 25 жылдан ашуун убакыт “Кумтөрдүн” арты менен байып, миллиардерге айланган ишкерлер  кетирген кемчиликтерди моюндарына алгысы келбей Нью-Йорктогу сотуна берип, бул жактагы компьютерден баардык маалыматтарды өчүрүп, карасанатайлык жасашты.

Бирок, акыркы бир айдан ашуун убакыттан бери  Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон команда кайрадан алтын кенин иштете баштады.

Балким, канадалык ишкерлер алтын кенди кыргыздар иштете албайт деп ишенип да алышкандыр. Андай болгон жок, иш токтогон жок. Тилекке жараша Акылбек Жапаровдун комиссиясы мыкты иштеп, бирдиктүү команда алтынды мурдагыдай эле казып, мамлекетке 40 миллиондон ашык доллар пайда алып келди.

Азыркы тапта Тенгиз Бөлтүрүк  да “Кумтөрдө”  кандай иш орундары бар экенин ачык жарыялады.  Акыркы бир айдын ичинде дагы 60 киши иш менен камсыздалды. Албетте, алтын кенде иштегендердин айлык маянасы жогору, өз убагында берилүүдө.

Ушул мезгилге чейин ишке орношо албай, резюмесин көтөрүп жүргөн жарандар эми ишке жеңил эле орношо баштаганы айтылат.

Андыктан “Кумтөрдүн” чыныгы жүзүн ачкан азыркы бийликке жана комиссия башчысынын мурдагылардай болуп акчага сатылып кетпей, ишин так аткарган Акылбек Жапаровго, ишти үзгүлтүксүз алып кеткен Тенгиз Бөлтүрүккө ыраазычылык айтып,  колдойлу.

Ал эми Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” ваканциялар тууралуу интернеттеги Фейсбук баракчасына  жарыя  мындай деп жазды:

“Менин жеке кутучама бош иш орундар (вакансиялар) тууралуу көп каттар келүүдө.

Төмөнкү шилтемеге кирип маалымат алыңыздар: https://www.kumtor.kg/ru/category/announcements/jobs/

Мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаңыздар. Ийгилик каалайм!

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы сапаттуу жана иштерман кадрлардын уясы болууну көздөйт”,- деди.

Демек, “Кумтөр” эл үчүн иштей баштады, эл да кызматка орношуу жеңил экенин биле баштады.

Билимдүүлөр, дипломдуу адистер эми четте калбайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button