Коом

Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтор голд компанинин» эсебинде $1,7 млрд болгон

«Кумтор голд компанинин» эсебинде 1,7 млрд доллар болгон, бул каражатка жеткиликтүүлүк Centerra Gold Inc. тарабынан жабылган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде компаниянын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, «Кумтор голд компанинин» (КГК) бардык эсептери Centerra Gold Inc. тарабынан көзөмөлдөнөт жана алар өчүрүлгөн, эсепте жетишерлик көп акча болгон. “2021-жылы 18-мартта КГК директорлор кеңешинин акыркы жыйынын болгон, жыйындын протоколуна ылайык, компаниянын эсебинде 1,3 млрд доллар болгон жана ага кошумча 2020-жылга 400 млн доллар Кумтөрдүн таза кирешеси которулган. Алар биз үчүн жеткиликсиз болуп калды. Ошондуктан кызматкерлердин айлык маянасын өз убагында берүү үчүн казып жаткан алтындарды сатуу чечими кабыл алынган. Бул милдетти ийгиликтүү чечтик, 15-июнда айлык маяналар берилди. Кызматкерлердин маанайы жакшы”,-деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button