Улугбек Садиков, ЖК депутаты: “УКМКнын АКС кызматы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашап, пайдасынан зыяны көп”
Президент Садыр Жапаров УКМКнын коррупцияга каршы (АКС) кызматын жойду. Мындай чечимди бизнес өкүлдөрү кубануу менен кабыл алып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Улугбек Садиков мындай деген:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жокко чыгарылды. Анткени анын пайдасына караганда зыяны көп болчу. Ушул эле себеп менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюп салуу керек. Биз салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашап жатып, аларга кайра бут тосуудабыз. Тескерисинче, аларды колдоо керек», — деген эл өкүлү.
Өмүрбек Текебаев: “УКМКнын коррупцияга каршы кызматы — Конституцияга туура келбейт!”
Президент Садыр Жапаров УКМКнын алдында коррупцияга каршы кызматын жойду. Бул тууралуу ал ишкерлер менен жолуккан учурда жарыялаган. Бул кызмат Башмыйзамга дагы каршы келерин саясатчы Өмүрбек Текебаев белгилеген болчу:
“УКМКнын АКС Коррупцияга каршы кызматы бар. Бул Конституцияга туура келбейт. Бул кызмат кайрадан түзүлүп, түздөн-түз премьер-министрдин баш ийүүсүнө өтүшү керек. Бул мыйзам биринчи кезекте өзгөртүлүшү керек”, — деген Ө.Текебаев.



