Коом
Сүлүктү шаарында өзгөчө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Сүлүктү шаарында өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоого багытталган «Этно Плюс» реабилитациялык борбору ачылды.
Муниципалитеттен маалыматына ылайык, борбордо логопед-дефектологдун кызматы, ABA-терапия, логомассаж, сенсордук интеграция, дарылоочу дене тарбиясы жана мектепке даярдоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Борбор 2 жаштан жогорку балдарды кабыл алат.
Долбоор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен жергиликтүү өнөктөштөрдүн катышуусунда ишке ашырылып, өзгөчө муктаждыгы бар балдардын өнүгүүсүнө жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.



