Саясат
Президент Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү Тажикстанга расмий сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү Тажикстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Буга байланыштуу Тажикстанда ата мекендик жана чет элдик массалык малымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн расмий каттоодон өткөрүү башталды.
Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы жана Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу азырынча расмий маалымат тарата элек.



