Окуялар

Жети-Өгүздөгү көлгө чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы көлгө 26-июнь күнү 15 жаштагы эркек бала чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 27-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 19 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Натыйжа бербегендиктен саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулган.

“Бирок жергиликтүү тургундар түн ичинде өз алдынча издеп жатып, маркумдун сөөгүн суудан көрүшүп, суучулдарга кайрылышкан. Саат 02:10дор чамасында суучулдар каза болгон баланын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button