Окуялар

ВИДЕО: Аксыда 59 жаштагы кишини аялы менен уулу биргеликте катуу сабап салышты

Аксы районунда 59 жаштагы эркек кишини аялы жана уулу сабап кетишти. Бул тууралуу  Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун ички иштер бөлүмүнө 1962-жылы туулган жаран кайрылган. Ал өз арызында 25-июнда саат 20:00 чамасында аялы менен уулу аны үйүнө камап, токмоктошконун айткан.

Бул факт КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (Кыйноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Сотко чейинки процесстин алкагында жабырлануучунун 1963-жылы туулган аялы жана анын 26 жаштагы уулу кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button