Окуялар
Ак-Буура-Араван каналына түшүп кеткен эки өспүрүм баланы издөө улантылууда

Ош облусунун Ак-Буура-Араван каналына 18 жаштагы А.М. жана 13 жаштагы М.И. аттуу эки бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылды. Бирок натыйжа болгон эмес.
30-июнь күнү издөө иштери улантылат.



