Коом
Кыргызстандыктар май айынын башында он күн эс алат

Кыргызстандыктар май айынын башында он күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Эмгек кодексине ылайык, май айында жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген.
Анда 1-4, 6-8-май — май каникулдары деп эсептелсе, 5-май —Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү болгондуктан, бул даталар да иш күн эмес.
10-май дем алыш күнгө туура келгендиктен, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.



