Окуялар

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.ФОТО

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июлда Октябрь районунун Улан-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринде өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен эки пластик терезе жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 17:15те өрт чектөөгө алынып жана саат 17:25те толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button