Окуялар

Москвада кыргыз-тажик мигранттары мушташа кетишти

Москвада 180дей мигрант массалык мушташка катышканын РЕН-ТВ маалымат булагы айтып чыкты.


Күбөлөрдүн айтымында, чырда жол боюна токтотулган бир нече автоунаа жабыркаган. РЕН-ТВнин маалыматына ылайык, 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы «Кузьминка» метростанциясында массалык мушташ болгон.

Полиция чырга катышкан 94 адамды кармаган. Мушташта эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын кайсы улуттун өкүлдөрү экени айтылган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button