Коом

Чүйдө милиция кызматкерлери зомбулукка каршы үндөгөн акцияны уюштурушту

2022-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин өлкө аймагында ички иштер органдары тарабынан “Зомбулуксуз жашоо” акциясы уюштурулду. Буга утурлай, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукка, жашы жете электерге карата жасалган зомбулукка каршы үндөгөн бир катар иш-чараларды өткөрүштү. Анын алкагында, милициянын демилгеси менен окуучулар “Зомбулуксуз жашоо” темасына арналган сүрөттөрдү тартышып, көргөзмөлөрдү уюштурушту. Андан тышкары, Чүй районунун Чүй айылынын Султан Ибраимов атындагы №2 орто мектебинде 8-декабрь күнү “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы масштабдуу акция уюштурулуп, анда окуучулардын коопсуздугу Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан камсыздалды.
Чүй районунун тартип сакчылары бул акциянын жүрүшүндө бардык мектептерди кыдырышып, окуучулар менен жолугушуп, зордук-зомбулук фактылары боюнча тез арада милицияга кайрылуу керектигин билдиришип, милиция ар дайым жардамга кол сунарын айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button