Коом

Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын чарчап калганына күнөөлүү делген врач кармалды

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

18-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жаран арызы менен кайрылып, анда Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы бөлүмдөрдүн биринин медицина кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Себеби ушул жылдын 18-декабрында өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2020-жылы туулган небереси чарчап калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button