Саясат

Депутат Кубанычбек Конгантиев БШКнын төрагалыгына шайланды

Депутат Кубанычбек Конгантиев («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) төрагасы болуп шайланды.

Шайлоо бүгүн, 30-июлда БШКнын XXVIII чакырылышынын 1-сессиясында өттү.

Конгантиевдин талапкерлигине 41 депутат добуш берди, 2 – каршы, экөө – добуш берүүдөн баш тартышты.

Анын талапкерлигин «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан турган коалициялык көпчүлүк сунуштаган.

Ал Бишкек шаардык кеңешинин 26-27-чакырылышынын депутаты болгон.

Ал 41 жашта. 3 жогорку билим бар: БААУ – юриспруденция, КУУ – юриспруденция, ТИМге караштуу Дипакадемия – эл аралык мамилелер. Юридика илимдеринин кандидаты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button