Спорт

Токио-2020: Жөө күлүк Дарья Маслова марафондук жарышта байгеге илинбей калды

Бүгүн, 7-августта кыргызстандык спортчу, жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио олимпиада оюндарынын марафондук жарышына катышты. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Маалыматка ылайык, 42 километр 195 метр аралыкка марафондук жарыш Саппоро шаарында өттү. Мелдеште дүйнө жүзүнөн тандалып, Токио олимпиадасына жолдомо алышкан 88 жөө күлүк мөрөй талашты. 21 километр 100 метр жарым марафонду Дарья Маслова 1 саат 15 мүнөт 27 секунда чуркап, топ башындагы жөө күлүктөрдөн калышпай жүгүрдү. Ал эми калган аралыкта ортоңку топто жүрдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button