Саясат
Нурадил Баясов инвестициялар министринин м.а. болуп дайындалды

Баясов Нурадил Мирбекович КРнын инвестициялар министринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Инвестициялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка КР президенти Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, мындан мурда Алмамбет Шыкмаматов берген арызына ылайык, КР инвестициялар министри кызматынан бошотулган.



