Саясат

Дастан Сарыгулов: 2020-жылдын октябрь окуясына адилетсиздик себеп болгон

“2020 -жылдын октябрь окуясына адилетсиздик себеп болгон”, — деп билдирди 29 -сентябрда “Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь окуялары: себептери, сабактары жана сунуштар” аттуу эксперттик жолугушууда коомдук ишмер, КР мурдагы мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов.

Анын айтымында, 2020-жылдын октябрындагы митингди бир дагы саясатчы башкарган эмес. Эл аянтка тамак же жумуш сураш үчүн барышкан жок. Алар: “Бул адилеттүү эмес!” деп чыгышкан. Биз адилеттүүлүк болмоюнча ийгиликтүү өнүгүү модели болбой тургандыгын түшүнүшүбүз керек. Кыргызстандын келечеги элден көз каранды. Ошондуктан, бардык эксперттик кеп-кеңештер туура ой жүгүртө алган коомго багытталышы керек. Алар мындай сунуштарга муктаж. Биздин өлкө саясатчылардын аркасы менен эмес, акылман элдин аркасында жашап келет», — дейт Д.Сарыгулов.

Коомдук ишмер өз сөзүндө эгемендикти алгандан кийин Кыргызстанда карманган өнүгүү принциптери өзүн актабаганын белгиледи. «Анткени кыргыздарга эч качан кабыл албай турган нерсе таңууланган», — дейт эксперт.

Анын пикиринде, мамлекет экономиканы эффективдүү башкара албайт жана ал жеке колго өтүшү керек; базар экономикасы бардыгын өзү жөнгө салат, демократиянын батыш модели Кыргызстан үчүн ылайыктуу деген идея ишке ашкан жок. Деидеологизация дагы иштеген жок.

«Ошол үчүн, биз бул принциптерден баш тартмайынча же аларды оңдомоюнча, 2005, 2010 жана 2020 -жылдардагы окуялар кайталана берет. Анткени 30 жыл бою биз чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын туурап, аларды ойлонбой  туруп кабыл алып келдик. Өзүбүздүн өнүгүү моделибизди издеген да жокпуз. Себеби саясатчылар менен депутаттар өз элинин тарыхый тажрыйбасын билишпейт. Өзүбүздүн өнүгүү моделибиз качан жаралат? Качан дүйнөлүк ийгиликтүү моделдер улуттук үрп-адаттарды, менталитетти, каада-салттарды жана тарыхый тажрыйбаны, өлкөнүн табигый-климаттык шарты менен потенциалын эске алуу менен жуурулушканда гана пайда болот. Ошондон кийин гана мындай өнүгүү модели иштейт», — дейт мурдагы мамлекеттик катчы.

“Чындыгында эле, Кыргызстанда президентти үчүнчү жолу конституциялык ыйгарым укуктарынан баш тартууга мажбур кылып жатат”, — деп айткан коомдук ишмер кесиптештерин — эксперттерди өткөндөн сабак алууга, анын себептерин иликтөөгө чакырды.

Дастан Сарыгулов мамлекеттик идеология (улуттар жана конфессиялар ортосундагы тынчтык жана ынтымак), улуттук идеология (үрп-адат, каада-салт, маданият, көчмөн демократия формасы), мамлекеттик менчик формасы керек деп эсептейт. Эксперт өз сөзүндө капитализмди, өлкөгө көптөгөн ислам агымдарына уруксат берүүнү жана шайлоонун партиялык системасын сынга алды.

«Биз өзүбүздүн өнүгүү моделибизди табышыбыз керек, ал эми өлкөбүздүн потенциалы болсо абдан чоң: таза суунун запасы, жер ресурстары, билимдүү калк. Эң негизгиси элге адилеттүүлүк керек”, — деп жыйынтыктады Д.Сарыгулов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button