Окуялар

Ишкерди опузалаган. УКМК “Малик” каймана аттуу жаранды кармады

Опузалап талап кылуу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Базар-Коргон районунун ИИБ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Ж.А.Э.”кармалды.

“Ж.А.Э.” (каймана аты “Малик”) зомбулук колдоном деп коркутуу жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Ж.А.Э.” опузулап талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button