Коом

Түптө логистикалык борбор курулат

Түп районунун Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 1-июнда үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз- Азербайжан өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого ылайыкталат.

Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилери пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button