КоомСпорт

Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап катышып, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди.

Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчуну 10:7 эсебинде ишенимдүү утуп, алтын медаль тагынды.

Ошентип Айпери Медет кызы өз карьерасында Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

Спортчу буга чейин 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда өткөн XIX жайкы Азия оюндарында биринчи орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, ушул тапта “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button