Коом

Бишкек дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын рейтингинде алдыңкы орунга чыкты

7-ноябрь күнү абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде абасы эң булганган шаарлардын тизмесинин сап башында  Бишкек турганын  World Air Quality   сайты  жарыялады.

World Air Quality    сайтынын маалыматы боюнча, 7-ноябрдын кечинде Бишкектин абасындагы микродисперстүү PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 269 AQI түздү.

Абанын булганышы боюнча экинчи орунда Индиянын борбору Дели турат, анда микродисперстик бөлүкчөлөрдүн концентрациясы PM2.5 203 AQI, үчүнчүдө — Карачи (Пакистан) 170 AQI, төртүнчүдө — Лахор (Пакистан) 162 AQI, бешинчи орунда — Тель-Авив (Израиль) 157 AQI.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, PM2.5тин орточо жылдык деңгээли бир куб метрге 10 мкгдан, ал эми суткалык орточо деңгээли бир куб метрге 25 мкгдан ашпашы керек.

8-ноябрда Бишкек дүйнөдөгү эң булганган 3 өлкөнүн катарына кирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button