Коом

Бишкек шаарында эки мектеп жана эки класс карантинге жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия жана №56 мектеп жарым-жартылай карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан 20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлдү. Өз кезегинде башталгыч класстын окуучулары салттуу режимде окуусун улантышууда.

“№62 мектептин бардык окуучулары 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окушат”, — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү башкармалыгы борбордогу жогоруда аталган эки мектеп жана 2 класс карантинге жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button