Коом

Кыргызстандын финансы министри Бакетаев Европа инвестбанкынын вице-президенти менен жолугушту

Грузияда Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Тереза ​​Червинсканын жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунан жүрүшүндө тараптар жалпы суммасы 112 млн еврого бир нече ири долбоорду талкуулап, анын 72 млн евросу ишке ашырылганы тууралуу маалымат берилди.

Маалымат үчүн: 2013-жылдын 17-сентябрында Брюсселде Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Европа инвестициялык банкы менен кызматташуунун жүрүшүндө 112 млн евролук 3 келишимге кол коюлган:

— CASA 1000 – 70 млн евро (өзгөрүлгөн, бирок банктан 9 млн евро кошумча каржылоо суралган);
— Суу менен камсыздоо – 20 млн евро (2 млн евро өздөштүрүлгөн);
— Агро чынжыр – 22 млн евро.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button