Окуялар
Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан бир киши көз жумду

Нарындын Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан бир киши каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша бүгүн түнкү саат 03:00 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында болгон.
«Skoda Octavia үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, бир эркек киши жабыркады (аты-жөнү такталууда)», — деп жазылган маалыматта.
Жерине төрт куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.



