Коом

БШК Бишкектин эки шайлоо округунан 16 талапкерди каттады. Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча ЖК депутаттарын кайра шайлоого 16 талапкерди каттады. Маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдарында «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.

Мындан улам 27-февралда бул эки райондо кайра шайлоо болот.

БШК буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 48 талапкерден билдирме түшкөнүн билдирген. Натыйжада 16 киши катталган.

№ 27 Биринчи май шайлоо округу:

Капаров Чынгыз Капарович;

Мамбетсадыков Азамат Нурбекович;

Кермалиев Таалайбек Женишович;

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;

Бакиров Бакыт Жээнтайович.

№ 29 Свердлов шайлоо округу:

Жолдошова Назгуль Амантуровна;

Мотуев Нурдин Аманканович;

Алканова Элнура Сайдиракмановна;

Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

Маматкулов Нурланбек Жолошович;

Алмамбетова Гуля Идиновна;

Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич;

Аспек уулу Азамат;

Саадабаев Бакыт Муратбекович;

Бакиров Бакыт Жеентайович;

Токтакунов Нурбек Акбарович;

Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич.

Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Андан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерине 20 күн берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button