Окуялар
Бишкекте унаа уурдай качкандар кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-февралда Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен 1995-жылы туулган М.А. аттуу адамдын Honda Stream унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган К.А. жана 1987-жылы туулган М.Р. аттуу жарандар кармалган.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен иш козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


