Окуялар

Жаш келин Айтурган Маматкулованын сырдуу өлүмү

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаганын айтты.

Маалым болгондой, Айтурган Оштун тургуну. Былтыр классташ баласына турмушка чыккан. Бирок жыл өтпөй Бишкектеги Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда түшкөн. 

Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Октябрь РИИБи кароо учурунда келиндин денесинен жаракаттар болбогонун айткан. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирүүдө. 

Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат. Алардын айтымында, күйөөсү Айтурганды мурда да сабап жүрчү. Анын өлүмү тууралуу 5 сааттан кийин кабарлаган. Алар келиндин денесинде гематомалар болгонун айтууда.

Окуяга соцтармак колдонуучулары кайдыгер караган жок. Алар бул ишти тыкыр иликтеп чыгууна талап кылышууда. 

Милиция тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып, объективдүү иликтөө жүргүзүлөрүнө ишендирди. Экспертиза дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button