Кыргызстанда бир аптада 22,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан 23-июлуна чейин өлкө аймагында 22 миң 215 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 298;
— мас абалында унаа башкаруу — 283;
— автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-58;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 миң 269;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 миң 374;
— авто ээнбаштык — 3;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 миң 599;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11миң 325;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 696 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.



