Саясат

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кожоев Мирбек Кокулбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми бул кызматка, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган Президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button