Каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

2022-жылдын август айында 7-апрель менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Роснефть» май куюучу жайынын жанынан белгисиз адамдар унаанын ээсине күч колдонуп, анын “Мерседес-Бенц G400” (Гелендваген) үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Кылмыштуу элементтердин бул жол тандабаска кызыгуусу кокусунан болгон эмес. Анткени унаа мурда башка криминалдык төбөлгө таандык болгон. Бирок кийинчерээк башка адамдарга сатылып кеткен.
Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар мурда соттолгон төрт адам кармалган. Ошол эле учурда жашырынып жүргөн төртүнчү шеригин бир нече айдан кийин ИИМдин КИББдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Уурдалган унаа ошол жылдын август айында табылып, ээсине кайтарылган.
Сот айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлүп, соттук отурумда кармалгандардын айрымдарына карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок алардын бири үй камагынын шарттарын бузуп, соттон качып кеткендиктен ага издөө жарыяланган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Жакында 2023-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж.уулу Н. Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндөгү кафелердин биринен кармалды. Кармалган жаран мурда бир нече жолу оор кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо. Ал криминалдык идеологияны карманат жана кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта.
Учурда соттун чечими менен жаран Ж.уулу Н. Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине эки айга камалды.



