Коом

Кассалык чектерди чогултуңуз! Жакында Салык кызматынын жаңы акциясы башталат

Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы аягына чыкты, анын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат. «Салык чек» тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон калат.

Жакынкы арада Салык кызматы жаңы акция тууралуу, анын ичинде катышуу шарттарын жана байгелердин тизмесин сунуштайт.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2 мин 376 баалуу байге ойнотулган. Алардын ичинен 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо ойнотулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button