Коом
Бишкектин айрым бөлүгүндө 5 күн газ болбойт

«Бишкекгаз» ишканасынын маалыматына ылайык, жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу 1–5-сентябрь аралыгында борбор калаанын бир бөлүгүндө жаратылыш газы убактылуу өчүрүлдү.
Газ төмөнкү аймактарда токтотулат:
- Акиев көчөсү;
- Чүй проспектиси;
- Москва көчөсү;
- Ибраимов көчөсү;
- Осмонкул көчөсү;
- Фрунзе көчөсү;
- Кулатов көчөсү.
Газ кызматы убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарга альтернативдүү энергия булактарын колдонууга кеңеш берди.



