Коом

Мамлекеттик катчы: тажияда мал союу боюнча жарлыкта так кесе чектөө жок

Президент Садыр Жапаровдун сөөк коюу жана той-аштагы ысырапкорчулукка тыюу салуу боюнча жарлыгында кандайдыр бир сандар же так кесе чектөөлөр жок. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан «Той менен сөөк коюудагы ысырапкорчулук» темасындагы тегерек столго катышууда.

«Жарлыкта жылкы сойбо же эки гана кой сой деген көрсөтмөлөр жок. Жарлыктын негизги максаты — ысырапкорчулукту токтотуу. Албетте, алыстан тууган-урук, куда-сөөк келет. Ага кантип тамак берем деген ой болот. Туура, алардын курсагын тойгузуш керек. Бирок баланча жылкы сойду, мен дагы ошентишим керек деген атаандашуу, куру намыс деген болбошу керек. Бул жерде ири чыгым болуп, карызга батпасын, насыя албасын деген ой», — деди Касмамбетов.

Ошондой эле мамлекеттик катчы сөөк коюуга же ашка келген адам курсак тойгузуу максатын көздөбөй, «маркумдун жакындарына жөлөк-таяк болом, оорун көтөрөм» деген ой менен барышы керектигин кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгы жарыяланган. Бул жарлыктын максаты – жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу экени айтылган. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту алдын алуу.

Ал эми парламенттик угуу учурунда той-аш жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүндө эреже бузгандарга 150 миң сомго чейин айып салуу сунушталган.

Көп өтпөй Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорчулукту алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Анда ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбай, тамак берилбей турганы белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button