Окуялар

Интернетте экстремисттик-террористик мүнөздөгү видеоматериалдарды жайылткан жаран кармалды

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун 1995-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаранды кармашты.

Шектүү Р.Ж атуу жаран өзүнүн атындагы “ютуб” каналы аркылуу экстремисттик жана терористтик мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп тургандыгы аныкталган.

Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө Р.Ж. аттуу жаран бир тууган агасы 1992-жылы туулган Р.М. жана жеңеси Р.М. Сирия мамлекетинде жүргөндүгү дагы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Ош ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган, — деп билдирди Ош ШИИБнын Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button