Саясат

Түрк мамлекеттер уюмунун кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров менен кызматташтыкты талкуулады

Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Бишкекте болду.

Алгач экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев менен жолуккан Бинали Йылдырым Стамбулда өткөрүлгөн 8-саммитте Түрк кеңеши уюму Түрк мамлекеттеринин уюму деген жаңы аталышка ээ болгонун жана бул саммитте жаңы максаттар коюлганын айтты.

Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев менен жолугушкан кеңештин төрагасы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүүнү, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорт жана байланыш тармагын мындан ары да өнүктүрүүнү максат кылгандарын белгиледи. Йылдырым узак убакыттан бери адамзатка кызмат кылган борбордук, түштүк жана түндүк коридорлорду камтыган транспорт тармагындагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүнө артыкчылык бергенин белгиледи.

Андан соң президент Садыр Жапаровго жолугуп, Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана жакшы каалоолорун айтты. Президент Жапаров Йылдырым менен болгон жолугушуусунда соода-экономикалык, транспорттук, логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда Кыргызстан-Түркия кызматташтыгын активдештирүү маселесин да талкуулады. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш катары бир тууган эки элдин кызыкчылыгында көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоосу керектигин өзгөчө белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен да жолуккан Йылдырым кийинчерээк Кыргыз-Түрк «Манас» университетине барды. Бинали Йылдырым иш сапарынын алкагында кыргыз аксакалы Медеткан Шеримкулов менен иш сый тамакта да жолугушту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button