Коом

Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 11-октябрдан 15-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

«Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button