Коом

28-майда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, 28-майда саат 09:00дөн 23:00гө чейин Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Суу Д-225 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан,  тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button