Саясат

Кыргыз-Тажик делегацияларынын кеңири курамдагы жолугушуусу аяктады. Эмнелер талкууланды?

Кыргыз-Тажик делегацияларынын кеңири курамдагы жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кеңири курамдагы жолугушуу 1 жарым саатка созулган.

“Саат 11:00дөн саат 12:30га чейин сүйлөшүүлөр жүрдү. Жалпысынан кечээ сүйлөшүлгөн келишимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз жүрдү.

1) кошумча тартылган аскер күчтөрүн чыгаруу;

1) окуяны кылдат иликтөө;

3) милиция кызматкерлери биргелешип иш алып баруусу;

4) Согди облусунун жетекчиси менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштүк.

Бүгүн мен элге түшүндүрүү иштерин баштайм”, — деди Алимбаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button