Окуялар
Өзгөндө 4 жашар бала токко урунду

Өзгөндө 4 жашар бала көмөк чордонго кирип, токко урунган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарындагы Малабеков көчөсүндө жайгашкан №10 турак үйдүн жанындагы көмөк чордонго 2018-жылы туулган Т.М. аттуу жаш бала ичине кирип токко урунган.
Жерине 3 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин, жабыркаган баланы тез жардам кызматкерлери ооруканага алып кетишкен. Абалы орто оор.



